Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Өзбекстанда электр тартыштыгына наалыган мугалим камалды


Анжиян облусунун Жалалкудук районундагы мектептердин биринде иштеген мугалим Мухамедриза Эргашев жарыктын тез-тез өчүшүнө нааразы болгону үчүн “мекен саткыны” деген шек менен камакка алынды. Ал 20 жаштагы жигит экенин, жергиликтүү коллеждердин бирин бүтүрүп, мектепке жаңы эле жумушка орношконун “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Мухаммадриза Эргашев 19-октябрда электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөргө нааразы экенин айтып, облустук электр тармактар ишканасына келген. Жарык бир күндө эки-үч саат эле берилип жатышы адам укуктарын бузарын белгилеп, ишкана жетекчисине даттанган кезде күч кызматкерлери келип алып кеткен жана беш күн бою камакта ачка отурган.

Өзбекстандын айылдарында бир топ жылдан бери электр энергиясы суткасына 2-3 сааттан гана берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG