Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Токтонасыров Лукашенкого таш белек кылат


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларустун Бишкектеги элчилигинин жанында кезектеги нааразылык акциясын өткөрөт. Бул ирет баштыкка таш салып барып, аны беларус мамлекет башчысы Александр Лукашенкого белек катары калтырып келерин “Азаттыкка” жарандык активист кабарлады.

Активист мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Минскиде ээн-эркин жүрүп, ага китеп жазууга шарт жаратып бергенине жана Кыргызстандын суроо-талабын тоготпой жатканы үчүн беларус бийлигине ушинтип нааразылык билдирмекчи.

Токтонасыров Бакиев бийликтен кулатылып, Беларуска качып кеткен 2010-жылдан бери аны кайтарып берүү, жазага тартуу талабы менен түрдүү акцияларды уюштуруп келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG