Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Бишкекте курал сактаган жаран кармалды


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, оперативдүү иликтөө иштеринин жыйынтыгында 48 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн жыгач кутуга катылган 3 даана окчонтою менен Калашников АК-74 автоматы, 3 аскердик патрон жана бычактар табылган. Тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн соң, кармалган жаран бул ок-дарыларды 2005-жылы март айында үйүнө жакын жердеги талаадан таап алып, чатырга катып койгонун билдирген.

Буга чейин ИИМ бир нече ирет курал-жарак таап алган же сактаган жарандарды өз ыктыяры менен келип аны тапшырууга үндөп, бул үчүн сыйлык акча дагы чегерилгени айтылган. Бул чакырыктарга көңүл бурбай, куралдарды тапшыруудан баш тарткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз ок атуучу курал жана жарылууучу заттарды алуу, сактоо, сатуу, бирөөгө берүү, ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG