Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Бишкекке америкалык финансист Жорж Сорос келет


Борбор Азиядагы Америкалык университеттен билдиришкендей, Жорж Сорос аталган университеттин жаңы инновациялык жана экологиялык кампусунун расмий ачылышына карата октябрь айынын аягында келет. Иш-чара маалында көркөм фото көргөзмөлөр, конференциялар жана академиялык лекциялар уюштурулат.

Жорж Сорос Кыргызстанга 2014-жылы да келген. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолуккан. Ошол учурда орусиячыл “Русский мир” коому Жорж Соростун Бишкекке келишине каршы акция өткөргөн. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына чыккан 50гө чукул адам Соростун Кыргызстанга келиши өлкө эгемендигине доо кетирерин айтып, бул адамды түстүү ыңкылаптардын демөөрчүсү деп айыпташкан.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG