Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Жол кырсыгын иликтөө иши премьер-министрдин көзөмөлүндө


Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, жолдон машине коюп кетип мерт болгон 10 жашар кыздын ата-энеси иликтөөнү акыйкат жүргүзүү талабы менен премьер-министр Темир Сариевге кайрылуу жолдогон. Бүгүн өкмөт башчы бул иш анын көзөмөлүндө экенин билдирди.

20-октябрда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө мектеп окуучусун машине коюп кетип, айдоочусу унаасын окуя болгон жерге таштап качып кеткен. Мектеп окуучусу алган жаратынан дароо мерт болгон. Издөө иликтөө иштеринин жыйынтыгында качып кеткен айдоочу кармалып, ал 19 жаштагы жаран экени аныкталган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG