Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Колбасада катылган айыккыс дарт


Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) колбаса жана чала бышкан эт адамда рак клеткаларын пайда кыларын жарыялады. Мурда ракты козгочу нерселердин башында чылым турса эми эт азыктары да анын катарына чыкты.

Дүйнөлүк саламаттык уюму (ДСУ) майдаланган эттен жасалган колбаса, сосиска жана чочконун ышталган эти сыяктуу азыктар адамда рак клеткаларын пайда кылат, деген тыянак чыгарып, тамак-аштын бул түрүн чылым менен бир катарга койду. Уюмдун эл аралык ракты изилдөө агенттиги 26-октябрда колбаса, чала бышкан эт жана сосисканы мындан ары кооптуу тизмеге киргизүү сунушун билдирди. Бул тыянакка аталган агенттик ондогон жылдарга созулган изилдөөдөн кийин келген.

Жылына дүйнөдө 8 миллион 200 миңден ашуун адам рак оорусунун курмандыгы болууда. Өпкө, простата, ашказан, ичеги-карын, боор жана көкүрөк рагы бул дарттын жайылган формалары. Түркиянын Кайсери университетинин профессору, микробиолог Зафер Гөнүлалан этти чала бышырып же ашыкча жегенден улам ичеги рагы пайда болорун эскертет:

- Жашылча-жемиш аралаштырбай, жалаң этти чала бышырып же ар кандай химиялык заттарды кошуп кууруп жегенде киши бөлүп чыгарган заң да катыйт. Бул учурда адамдын ичеги-карын жана тамак сиңирүү органдарындагы зат алмашуу процесси бузулуп, ар кандай оорулар келип чыгат. Албетте, анын ичинде рак дагы бар. Бирок этти туура даярдап, табигый азыктар менен айкалыштырып жесе коркунуч жок. Эттин рак оорусуна алып келерин анык далилдеген азырынча маалымат жок. Болгону аны туура жегенди билишибиз керек.

Бул изилдөө чыгары менен эт азыктарын өндүргөн компаниялар да дүрбөлөңгө түшүп, эттен башка да тамак-аштын курамында ракты козгой турган нерселер бар экенин айтып чыгышты. Ал эми изилдөөгө жетекчилик кылган 22 эксперттин бирөө Курт Стрэйф: “Ичеги-карындын рагына чалдыккандардын көбү чочконун кургатылган, туздалган этин, колбаса, сосиска сыяктуу азыктарды арбын колдонгондор арасында кездешет. Тамак-аштын бул түрүн аз жегендерде коркунуч деле жок”, - деп France Press агенттигине билдирди. Ал эми профессор Гөнүлалан "колбасада ракты козгочу кайсы заттар бар?" деген сурообузга мындайча жооп берди:

- Эт азыктарын майдалап кайра иштетүүдө ага кошулган туздун курамында нитрат жана нитрит бар. Бул заттар рак чакырарын көп жылдан бери билишкен эмес. Анын эт азыктарындагы нормасын, ашыкча болбосун эле көзөмөлдөп келишкен. Бирок акыркы изилдөө бул заттар аз өлчөмдө болсо да саламаттыкка бир топ зыян алып келери далилденди. Ушундан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана тамак-аш стандарттарын жөнгө салган уюмдар эт азыктарын табигый жол менен даярдоону сунуштап, аны өндүрүштө колдонууга тыюу салды.

Табигый азыктарга өтүү керек

Күнүнө 50 граммдан эле колбаса же майдаланган эттен даярдалган азыктарды жеген адамдын ичеги-карындын рак илдетине чалдыгуу коркунучу 18% жогоруларын Эл аралык ракты изилдөө агенттиги эскертет. Бардык сүт эмүүчүлөрдүн кызыл же чала бышкан эти да ичегинин рагына алып келет. Мындай шартта колбаса азыктарынан таптакыр баш тартуу керекпи деген суроо жаралат. Канткенде эт азыктарын саламаттыкка зыян келбегендей кылып жесе болот?

-Толугу менен табигый шартта өндүрүү керек. Фабрика-заводдордогу химиялык заттарды толугу менен алып салып, адамдын саламаттыгына зыян алып келбеген коопсуз өндүрүштү баштоо зарыл. Химиялык кошулмалардын канчалык коркунучтуу экенин мына ушул изилдөө далилдеп берди. Үй шартында даярдалган, жакшы кайнатылган эт азыктарында көйгөй жок. Бирок фабрикадан чыккандарда чоң проблема бар. Бул тармакты түп-тамыры менен өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Бирок мындан ары колбаса чыгарууда колдонулган заттардын сапатына дыкат көңүл буруу керек. Сапатсыз заттар, албетте, саламаттыкты талкалайт. Мындан ары жалаң сапатка гана басым жасоо абзел, - деп жооп берди.

Жылына 1 миллион киши чылым тартуудан улам келип чыккан өпкө жана кызыл өңгөч, 600 миң киши спирт ичимдигин ашыкча ичкенден улам боор, 34 миң киши колбаса жана туура эмес даярдалган эт азыктарынан улам ичеги-карын рагынан жарык дүйнө менен кош айтышарын Дүйнөлүк саламаттык уюму кабарлайт. Бул изилдөөдөн кийин Кыргызстан медиктери кандай кадамдарга барары азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG