Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Бишкекте турак жай курулуучу жер тилкелери кымбаттоодо


Былтыркы жылга салыштырганда Кыргызстанда үй-батирлердин баасы кескин төмөндөп, арзандоо жалпысынан 20-30% жетти. Бишкекте бул көрсөткүч 24% болууда. Мындай шартта жеке турак жай курууга уруксаты бар жер тилкелери кымбаттай баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк рыногун анализдөө боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди.

- Алсак, Бишкектин Сокулук менен чектеш жериндеги “Ак-Ордо” жаңы конушунда 5 сотка жер мындан 4-5 жыл мурда 3-5 миң доллардан сатылып жаткан болсо, азыр 8-10 миң.

Демек, Бишкекте там салууга уруксаты бар жерлер бул аралыкта болжол менен 25-30% кымбаттаганы байкалат.

Бишкекте батирлер 24% арзандаса, жер тамдардын баасынын төмөндөшү 38% ашты.

Адистер мунун себебин эки жагдай менен түшүндүрүүдө. Биринчиси – улуттук валюта сомдун долларга карата 25% арзандашы, экинчиси – Орусияда рубл алсырап, ал жактан которулган акчанын баркы жок болуп жатышы. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG