Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Ооганстандагы элчисинин жардамчысы Учкун Эралиев билдирди. Анын айтымында, жер титирөө Бадахшан провинциясынын Журм аттуу районунда болуп, анын күчү 7,8 баллга жеткен. Ооганстандагы кыргыздарынын үйлөрү урап, жеңил жараат алгандар болгон. Каза болгондор катталган жок.
Ооганстанда консулдук каттоодо 50гө чукул кыргызстандык жаран турат. Алар аскердик базаларда ар кандай жумуштарда иштейт. Элчилик алар менен байланышып, жабыркагандар жок экендигин аныктады. (AzK)