Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Эртең, 28-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына шайланган депутаттарга мандат берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мандат тапшыруу салтанаты парламент имаратында өтөт.

Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер Жогорку Сотко кайрылып, териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу мандат берүү мөөнөтү жылган эле. Сотто алты киши утуп алган. Андан сырткары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин арызы да анын пайдасына чечилген.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын 27-октябрда Жогорку Сот канааттандырган эмес.

Парламентке шайлоо 4-октябрда өтүп, алты партия утуп чыккан. Жаңы шайланган 120 депутат ант берип, ошол күнү алгачкы жыйын болот. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG