Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

УКМК кыргыз жараны тартылган жихадчылардын тасмасын иликтей баштады


Тасмадан алынган сүрөт. Өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган бала ортодо.

Тасмадан алынган сүрөт. Өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган бала ортодо.

Сирияда согушуп жүргөн жихадчылар тобу интернет аркылуу Орусияга каршы видеокайрылуу жасашты. Тасма интернетке 14-октябрда жүктөлгөн.

Москванын Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүн сындаган видеодо ондон ашуун адам орус элин өлүм менен опузалаган. Алар бир канча мамлекеттин жарандары экенин белгилешет. Баары колуна автомат кармап алган. Арасында 20 жаштардын тегерегинде жигит өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети видеодогу кыргызстандыктын тек-жайын иликтөө иштери башталганын “Азаттыкка” билдирди.

Орусия Сирия аймагында сентябрдан тарта аскерий аракетин күчөткөн. Кремль муну террорчуларга каршы күрөштө Дамаскка көрсөтүлүп жаткан колдоо экенин айткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG