Линктер

бейшемби, 23-февраль, 2017 Бишкек убактысы 06:46

Кыргызстандык өспүрүм футболчулар Азия чемпионатында ойношот


Футбол боюнча Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүндө ойнойт. Мелдештер 2016-жылы Индияда өтөт.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алганын өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Азия чемпиондугуна тандоо оюндары ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн.

Кыргызстандыктар тандоо турунда “В” тайпасында ойноп, Оман курамасына 2:0, Непал оюнчуларына 4:2 эсебинде утулган. Акыркы беттешинде иорданиялыктарды 4:1 эсебинде жеңип 3-орунду ээлеп, финалга чыкпай калышкан эле. Бирок Азиянын футбол конфедерациясы Непал курама командасын оюнчулардын жаш куракка байланыштуу эрежени бузгандыгы үчүн мелдештерден четтеткен. Ордуна Кыргызстан кирген. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG