Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарына мандат берилет


Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына шайланган депутаттарга мандат тапшырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мандат тапшыруу салтанаты парламент имаратында өтөт.

Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер Жогорку Сотко кайрылып, териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу мандат берүү мөөнөтү жылган эле. Сотто алты киши утуп алган. Андан сырткары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкердин арызы да анын пайдасына чечилген.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын 27-октябрда Жогорку Сот канааттандырган эмес.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо утуп чыккан. Жаңы шайланган 120 депутат ант берип, бүгүн алгачкы жыйын болот. (SE)

XS
SM
MD
LG