Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Британия Ооганстанда аскерлерин калтырууну убада кылды


Британ расмий өкүлдөрү билдиргендей, алар Ооганстандагы аскерлеринин санын быйыл жана келерки жылы азыркы деңгээлде сакташат.

Өлкөнүн коргоо министри Майкл Фэллон мындай убаданы бүгүн парламентке жолдогон катында билдирген.

Расмий Лондон бул тууралуу АКШ азыр Ооганстанда турган 9 миң 800 аскерин 2016-жыл ичи да ал жерде кармап, 2017-жылга барып гана алардын санын 5,5 миңге азайта турганын жарыялаган соң айтып жатат.

Ооган президенти Ашраф Гани Британиянын чечимин кубаттады. Азыр Ооганстанда Британиянын 450 жоокери бар. Алар ооган армиясынын офицерлерине жардам берүү, машыктыруу иштерине тартылган.

Былтыр жыл соңуна барып согуштук миссия аяктагандан кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Ооганстанда 13 миңдей гана жоокерин калтырган. (UE)

XS
SM
MD
LG