Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Нарымбаев сотунун мааниси жана тамашасы, 1-бөлүк


please wait

No media source currently available

0:00 0:09:16 0:00
Түз линк

Бул күндөрү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге каршы козголгон резонанстуу кылмыш иши каралууда. Нарынбаев жана Жогорку Kеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазов абактагы мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үй бүлөсүнөн конфискациялануучу мүлккө байланышкан маселе оң чечилиши үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелүүдө. Бул жараян бир жагынан Кыргызстанда соттук чечимдерге тышкы таасир бардыгын эң жогорку деңгээлде шардана кылса, экинчи жагынан соттук системанын көз карандысыздыгынын лакмус кагазы болот деген пикирлер да айтылып жатат. Президент аппаратынын соттук чечимге таасир көргөзүү үчүн пара талап кылды деп шектелген мурдагы башчысынын сот ишинен келип чыккан айрым маселелер “Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүдө талкууланды.

XS
SM
MD
LG