Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алгачкы жыйынга чогулду


Мыйзамга ылайык бүгүн Жогорку Кеңеште жаш курагы жагынан улуу талапкер Анвар Артыков төрагалык кылып жатат. Жаңы депутаттар менен кошо жыйынга бүгүн БШКнын толук курамы катышууда. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоонун жыйынтыгы туурасында маалымат берди. Ушу тапта БШК төрагасы депуттарга мандат тапшырууда.

Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер Жогорку Сотко кайрылып, териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу мандат берүү мөөнөтү жылган эле. Сотто алты киши утуп алган. Андан сырткары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкердин арызы да анын пайдасына чечилген.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын 27-октябрда Жогорку Сот канааттандырган эмес. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо утуп чыккан. (SDz, AzK)

XS
SM
MD
LG