Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

“Кыргызстан” партиясынан талапкер тизмеден чыкканын капыстан билди


“Кыргызстан” партиясынан пайламенттик шайлоого 8-орун менен барган талапкер Гүлмира Орозалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ал өзүнүн тизмеден чыгып калганын кечээ 27-октябрда БШКнын онлайн жыйынынан капыстан билип калган.

“Мени шайлоо кодексинин 65-беренеси менен деп эң акыркы учурда чыгарып салып жатышат. Мен мурда жеке фирмада директор болуп иштегем, бирок аны сентябрь айында балама өткөрүп берип, тийиштүү документтерди партияга да, БШКга да тапшыргам. Азыр эми документ жок, бул иштеп жүргөн деп мени тизмеден чыгарып салыптыр. Эгер ал документтер болбосо мени тизмеге каттабайт эле да. Анда кантип мени катташкан? Ошол мага түшүнүксүз. Мен шайлоодо тийиштүү добуш алгам”, - дейт Орозалиева.

Орозалиеванын айтуусунда, БШК партиядан түшкөн арыздын негизинде чечим кабыл алган. Бирок ал кечээки күнгө чейин бул туурасында эч кабарсыз болгон. Талапкер бүгүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылмакчы. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG