Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Ноокатта балдардын кризистик борбору ачылды


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, Ноокат районундагы Баглан айылында оор абалга кабылган балдар үчүн кризистик борбор ачылды. Жаңы борбор мамлекеттик социалдык заказдын негизинде ишке киргизилди. Борбор айыл өкмөтү тарабынан каржыланат, аны кармоого бир жылга 1,6 миллион сом каралган.

Борборду ачууга грант утуп алган “Түштүктүн социалдык педагогдор кеңешинин өкүлчүлүгү” коомдук уюмунун жетекчиси Шааргүл Шербаеванын айтуусунда, 12 балага эсептелген борбордо турмуштун запкысын көрүп калган өспүрүмдөргө жардам берилет. Алар менен директор, 2 тарбиячы, медкызматкер жана психолог иштейт. Ушул тапта борбордо 3 бала тарбияланууда.

2014-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан боюнча 7 кризистик борборду каржылаган. Ал жерде балдарга, кары адамдарга, үй-жайсыздарга, майыптарга колдоо көрсөтүлөт. Быйыл жыл аягына чейин дагы 8 борбор ачылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG