Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Талибдер Ооганстандын түндүгүндөгү районду ээлешти


Талиб согушкерлери ооган күч түзүмдөрү менен болгон катуу салгылаштан кийин түндүктөгү Тахар провинциясынын Даркад районун басып алганы маалым болду.

Тахар провинциясынын басма сөз катчысы Сонатулах Таймурдун айтуусунда, талибдер 28-октябрда районду ээлеп алышты.

Согушкерлер менен болгон кагылыштан алты ооган аскери мерт болгон. Ал эми талибдердин эки согушкери өлүп, Даркад районунун акимчилиги менен полиция имаратын басып алганын жарыялады.

Ооган бийликтеринин маалымдоосунда, талибдерге "Өзбекстан ислам кыймылынын" согушкерлери да кошулуп кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG