Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Бортников Борбор Азияда “ИМ” жайылып баратканына кабатыр


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников бүгүн Москвада басма сөз жыйынын өткөрүп, Сириядагы орус аба соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткен КМШ өлкөлөрүнүн атуулдарына багытталганын айтты.

“Мурдагы Советтер Союзуна мүчө өлкөлөрдөн Ирак менен Сириядагы согушкерлерге кошулуп кеткендер көп болууда, Орусия, Грузия, Украина жана Борбор Азиянын атуулдары кошулган ондой уюшкан топтор бар. Жакында эле Москвадагы “Ислам мамлекети” жана “Хизб-ут Тахрир” топторунун мүчөлөрүн кармадык”, - деп айтты Бортников.

Бортников Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коңшу Ооганстандагы талибдердин аракеттери менен жергиликтүү кылмыш топторунун экстремисттик уюмдарга аралашып кетүүсү опурталдуу болуп жатканын баса белгиледи.

Ал КМШ өлкөлөрүн коопсуздук чараларын күчөтүп, чек араларын бекемдөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG