Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Чүй облусунун райондук соттору ант беришти


28-октябрда Жогорку сотто Чүй облусунун жаңы шайланган Жайыл, Москва, Аламүдүн, Кемин райондук соттору ант беришти.

Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна Чолпон Асанова, Аман Бөкөмбаев, Надира Жандралиева, Таалайбек Турсунбеков, Москва райондук сотуна Бактыгүл Алымбекова, Урмат Маматкеримов, Феликс Марлес, Дамира Сагынбекова, Аламүдүн райондук сотуна Жолдошбек Аттокуров, Кемин райондук сотуна Наргиза Агышаева, Индира Жунушалиева, Нурманбет Эшалиев дайындалды.

Жаңы сотторду Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева куттуктап, аларды мыйзамдын чегинде гана иш алпарууга чакырды: “Өлкөбүзгө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда ар бириңиздердин салымыңыздар зарыл. Сиздердин кесипкөйлүк менен аткарган ишиңиздерден жалпы коомдун адилеттүүлүккө, сот тутумуна болгон ишеними артылат”-, деп айтты Жогорку сот төрайымы.

Райондук соттор биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG