Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Иран Вена саммитине катышмай болду


Ирандын тышкы иштер министри - Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри - Жавад Зариф

Ирандын тышкы иштер министри 30-октябрда Австриянын баш калаасы Венада өтө турган Сириядагы кырдаалды талкуулоого багытталган саммитке катышмай болду.

Ирандын ISNA кабар агенттиги билдиргендей, министр Жавад Зариф АКШ, Орусия, Сауд Арабия жана Түркиянын өкүлдөрү менен 29-октябрда жолугуп, эртеси Сириядагы абалды жөнгөрүү боюнча жыйынга катышат.

Зариф менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, саммитте көтөрүп чыкчу маселелерди талкуулашты.

27-октябрда АКШ Иранды Венадагы конференцияга расмий чакырган. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби: “Иран бул сүйлөшүүлөргө катышары күмөн бойдон. Азырынча жооп уга элекпиз”, - деген эле.

XS
SM
MD
LG