Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Бишкекте дарыгерлердин эл аралык курултайы өтөт


Бүгүн Бишкек шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлердин алгачкы эл аралык курултайы өтөт. Ага дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүнөн 500дөн көп адистер келет. Арасында АКШ, Жапония, Орусия, Европа жана КМШ мамлекеттериндеги белгилүү дарыгерлер бар.

Курултай өткөрүү демилгеси Кыргызстанга таандык. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев эки күндүк иш-чара тажрыйба алмашуу ыкмасында өтөрүн "Азаттыкка" билдирди.

Дарыгерлердин жыйыны Улуттук филармонияда болот. Министр белгилегендей, чет элден келген адистердин баары чыгымдарын өздөрү көтөргөн.

Кыргызстанда учурда 1700дөн көп үй-бүлөлүк дарыгер бар. (SE)

XS
SM
MD
LG