Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

“Орустар” кыймылы экстремисттик деп табылды


Москва шаардык соту улутчул “Орустар” кыймылынын аракеттерин экстремисттик деп чечим чыгарды. Уюмдун ишмердиги боюнча сот отуруму 28-октябрда өттү. Сот чечимине ылайык, алар мындан ары Орусия аймагында ишмердик жүргүзө албайт деп кабарлайт “Интерфакс”.

Прокуратура Дмитрий Дёмушкин жетектеген кыймыл башка улуттарды басмырлап, этностор аралык кастык козутууга дилгирлигин белгилеп, экстремисттик топ деп табууну суранган.

“Орустар” кыймылы расмий каттоого алынган эмес. Алар 2005-жылдан бери “орус жүрүштөрүн” уюштуруп келет. Алгач “Славян биримдиги”, “Славяндар күчү” деген аталышта болгон. Бирок сот алардын ишмердигине тыюу салган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG