Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Freedom House Өзбекстандагы интернетти сынга алды


Freedom House адам укуктары уюму Өзбекстанда интернет басылмалардын ишмердиги дагы эле бийликтин катаал көзөмөлүндө экенин сындады. Уюмдун байкоосуна ылайык, мамлекетте интернет ылдамдыгы өткөн жылга салыштырмалуу 43 пайызга жогорулаганы менен пайдалануучуларды көзөмөлдөө өзгөрүүсүз бойдон калууда.

2005-жылдан бери “Азаттык”, BBC, “Америка үнү”, “Немис толкуну” сыяктуу эл аралык медиалардын сайттары Өзбекстанда ачылбайт. Amnesty International, Freedom House жана Human Rights Watch сыяктуу адам укуктарын коргогон уюмдардын, оппозициялык кыймылдардын сайттарына да кирүү мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда Facebook, Twitter, Youtube, “Одноклассники”, “Вконтакте” социалдык тармактарынын колдонуучулары активдүү. Бирок ал жакта да бийликти сындаган билдирүүлөргө дароо чара көрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG