Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Чехияда мигранттарга каршы митинг өттү


Чехиянын бир катар шаарларында жарандар 28-октябрь күнү Европага агылган качкындарга каршы демонстрацияга чыгышты. Брно шаарындагы акцияга бир жарым миңдей адам катышты. Нааразылык баш калаа Прагада жана Острава, Либерец сыяктуу аймактарда да болду. Жергиликтүү булактар кабарлагандай, демонстранттар “Европаны исламдаштырууну токтоткула!” деген жазууларды кармап алышкан.

Эки айдан ашуун убакыттан бери Ирак, Сирия, Ооганстандагы согуштардан безген жүз миңдеген кишилер Европа мамлекеттерине агылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG