Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Өзгөндө наристени сабап өлтүргөн жаран кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын сабап жатып өлтүрүп салгандыгы аныкталды. Эки жаштагы кыз райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай, каза болгон. Окуя 26-октябрь күнү болгон.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран тергөө учурунда наристени шымына заара ушатып салгандыгы үчүн сабагандыгын айткан.

Ооруканадагы дарыгерлер кыз буга чейин токмоктолуп жүргөн болушу мүмкүн деп болжошууда. Кыздын денелеринде көк-ала тактар аныкталган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG