Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Ошто ири өлчөмдөгү баңгизаты кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баңги заттарын көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Мекеменин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар учурунда Кара-Суу районунун Шарк айылында баңги заттарын сатууга шектелген 31 жаштагы Х.У. жана 55 жаштагы И.А. кармалган.

Алар кылмыштуу баңги тобунун активдүү мүчөлөрү экендиги жана бири буга чейин киши өлтүрүү беренеси менен боюнча соттолуп чыккандыгы аныкталды.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда күңүрт-күрөң түстөгү төрт бурчтук формасындагы пресстелген, скотч менен чапталган, брикет түрүндөгү өзгөчө жытка ээ 12 даана куту баңги заттары табылган. Кармалгандар аны сатууга даярдаганын моюнга алышты. Криминалдык эксперттердин текшерүүсүндө маңзат Ооганстандан жасалган гашиш экендиги аныкталды. Анын таза салмагы 11 кг. 895 г. түздү.

Кармалган адамдар учурда убактылуу камак жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG