Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Ошто каттоодон өтө элек мечиттерге эскертүү берилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынан билдиришти.

Дубандын аймагындагы 156 мечиттин имамына эки ай убакыт берилип, ушул мөөнөттүн ичинде мамлекеттик дин комиссиясынан мечиттерди каттоодон өткөрүү тапшырмасы коюлду.

Каттоого алына элек мечиттер ишкерлердин демөөрчүлүгү же ашар жолу менен курулуп, өз алдынча иштеп келаткан. Ал имараттарда өрт коопсуздугу, сейсмикалык нормалар жана башка техникалык эрежелер сакталбай курулганы аныкталган.

Документтердин төлөмдөрүн, жол кирени кошуп эсептегенде, бир мечитти каттоодон өткөрүү үчүн анын көлөмүнө карап, 10 миңден 20 миң сомго чейин акча сарпталат. Ушул себептүү да аталган мечиттерди каттоо узарып келет. Облустагы 822 мечиттен 666сы каттоодон өткөн. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG