Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Леонардо Хоменюкка эл аралык издөө токтотулду


Интерпол “«Центерра Голд Инк»” компаниясынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюкту издөөгө алынгандарды тизмесинен чыгарды. Ал бул тизмеге Кыргызстандын суроо-талабы менен киргизилген болчу.

2015-жылдын август айында ал Болгарияда кармалып, эки ай камакта жатып, Кыргызстан аны экстрадициялай албай койгон соң бошотулган.

Хоменюк Интерполдун тизмесинен чыккан соң АКШга кеткен. Ал өзүн Кыргызстандын башкы прокуратурасы тарабынан издөөгө алынгандардын тизмесине киргизилишин мыйзамсыз деп атап, бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылганы жатканын билдирүүдө.

"Центерраны" 2008-жылга чейин жетектеп келген Хоменюк аталган компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн коррупциялык жол менен азайткан деп айыпталган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү боюнча Болгарияга өтүнүч кат жөнөткөн. Бирок Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда шектелип кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер жоктугуна байланыштуу бул маселе чечилген эмес. (AzK)

XS
SM
MD
LG