Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:39

Миңден ашуун адамга “Кайрылман” макамы берилди


Бул тууралуу “Азаттыка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, жыл башынан бери сырттан көчүп келген 1158 этникалык кыргыздарга “Кайрылман” статусу берилди. Алардын ичинен 256 Чүйгө, 253 киши Жалал-Абадга,, 242 Баткенге, 220 Бишкек шаарына, 90 Ош областына жана 97 адам Ош шаарына отурукташкан.

Областтык мекемелердин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 37 454 этникалык кыргыз катталган. Анын 19 791и Өзбекстандан, 17 424ү Тажикстандан, 36сы Орусиядан, 71и Кытайдан жана 29у башка өлкөлөрдөн биротоло көчүп келгендер.

Этникалык кыргыздар негизинен базарда, курулушта жана дыйканчылыкта иштеп жан багышууда. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG