Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

ЖАМК:Түрмөдөн качкандар №27 жана №31 жабык мекемени жардырмак


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы Рахатбек Абышкаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, №50 абактан качкан кылмышкерлер сырттагы эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрү менен бирге №27 жана №31 абактарды жардырмак.

Буга чейин УКМК 15-октябрда эки жаранды кармап, алардын жанынан курал- жарак, жардыруучу каражаттарды жана жардыруунун схемасын табышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү түрмөдөн качкан кылмышкерлер менен кийин кармалган эки жаран байланышта болгон деген версиянын үстүндө иштеп жатышат.

11-октябрдын түнү №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, анда түрмөнүн 4 кызматкери мерт болгон. Кийин качкан кылмышкерлер колго түшүрүлгөн жана айрымдары атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. (AzK/UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG