Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Президент парламентте коалиция куроо укугун КСДПга берди


Алмазбек Атамбаев менен Чыныбай Турсунбеков. 2011-жылы тартылган сүрөт.
Алмазбек Атамбаев менен Чыныбай Турсунбеков. 2011-жылы тартылган сүрөт.

Бүгүн, 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, ага Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция куроо укугун берди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекендин” ортосунда түзүлүп, “Республика – Ата-Журт” менен “Бир бол” оппозицияда калышы мүмкүн.

Конституцияга ылайык, коалиция түзүү үчүн мамлекет башчысы фракциялардын бирине мандат берет. Андан соң 15 жумушчу күндүн ичинде коалиция өкмөт башчы болууга талапкерди көрсөтөт. Талапкер өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын парламентке алып чыгат. (AzK)

XS
SM
MD
LG