Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кыргызстан БУУ кеңеш мүчөлүгүнө 1-январдан тарта кирет


Бул туурасында бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдирди.

28-октябрда БУУнун башкы ассамблеясынын 42-жыйыны болуп өттү. Анда Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине 2016-2018-жыл убакыт аралыгына мүчө болуп шайланды. Өлкө БУУга мүчө 192 мамлекеттердин ичинен 147 добуш топтоп, Азия-Тынч океан чөлкөмдүк топтун ичинен лидер үчилтиктин катарына кирди.

Президент Алмазбек Атамбаев адам укуктарын эң жогорку баалуулук деп эсептеген өлкө катары калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн белгилеп, мындан ары дагы адам укуктарын сактоо жаатында аракеттер жасала берерин белгиледи. Атамбаев Кыргызстанга ишеним көрсөткөн өлкөлөргө ыраазылыгын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG