Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Таксистти уруп, милицияга кол көтөргөндөр кармалды


Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 28-октябрдын түнү Байтик баатыр көчөсүндөгү кафелердин биринин жанында шаардык такси кызматынын айдоочусун эки мас жаран урган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган эки жаранды кармоо учурунда алардын бири милиция кызматкерин бетке чаап жиберип, ал жарат алды.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө кол көтөрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы жаран убактылуу тергөө абагына камалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG