Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Жон Керри президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат


Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Cүйөркулов билдирди. Анын айтуусунда, Жон Керри Кыргызстандын президенти жана тышкы иштер министри менен жолугуп, АКШнын жаңы элчилигинин, Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунун ачылышына катышат.

Азырынча эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн күн тартибинде кандай маселелер коюлганы тууралуу маалымат айтыла элек.

Айрым талдоочулар АКШ мамлекет катчысынын регионго сапары Кошмо Штаттардын бул чөлкөмгө кайрылып келүү, аны күчөтүү максатынан кабар берерин айтып жатышат.

Жон Керринин Кыргызстанга иш сапары 31-октябрда башталат. АКШ мамлекеттик катчысы Борбор Азиядагы беш мамлекетте болот.(AzK)

XS
SM
MD
LG