Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Керрини Борбор Азияда эркин медиага басымды айыптоого чакырышты


Жон Керри

Жон Керри

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керрини Борбор Азия өлкөлөрүнө сапары учурунда көз карандысыз маалымат каражаттарына карата басым-кысым маселесин козгоого чакырды. Уюм кайрылуусунда мамлекеттик катчыдан бул аймактагы өлкө бийликтерин ишмердиги үчүн темир тор артына түшкөн журналисттерди эркиндикке чыгарууга "ачык чакырууну" өтүнгөн. 28-октябрда жолдонгон катта Борбор Азияда эркин басма сөзгө байланышкан абал кескин начарлап кеткени, катаал мыйзамдар кабыл алынып, маалымат каражаттарын таратууга тыюулар салынып жатканы белгиенген. Ошондой эле бийликке сынчыл көз караштагы журналисттер менен блогерлер саясий куугунтуктоолорго кабылып, кол салууларга жана абакка камоолорго туш болуп жатканы айтылган.

АКШ мамлекеттик катчысы ушул жумада Борбор Азиядагы беш мамлекетке - Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга биринчи жолу иш сапар менен келгени жатат. Ал Кыргызстанда 31-октябрда болуп, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушарын, мындан тышкары АКШнын жаңы элчилигинин, Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунун ачылышына катышарын "Азаттыкка" кыргыз тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG