Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

БУУ: Түндүк Корея миңдеген жарандарын сыртта мажбур ишке салган


Орусия -- Владивостокто курулушта иштеген түндүк кореялыктар. 4-апрель, 2012.
Орусия -- Владивостокто курулушта иштеген түндүк кореялыктар. 4-апрель, 2012.

Түндүк Кореянын элүү миңден ашуун жараны Орусия менен Кытайда мажбур ишке салынганын Улуттар уюмунун атайын баяндамачысы Марзуки Дарусман билдирди. Анын айтымында, расмий Пхеньян өлкөгө салынган санкциялардан буйтап өтүү үчүн өз жарандарын акча таап келүү үчүн чет өлкөлөргө жиберет. БУУ өкүлүнүн эсебинде, сыртта кара жумушка салынган жарандарынын арты менен өлкө жылына 1,2 - 2, 3 миллиард доллар өлчөмүндө пайда көрөт. Ошондой эле түндүк кореялыктар чет өлкөлөрдө негизинен курулуш, тоо-кен өндүрүшү, токойдогу дарактарды кыюу жана текстиль өнөр жайы тармактарындагы кыйын иштерге салынары, келишимдин шарттары расмий Пхеньян менен макулдашылары айтылды.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматына караганда, бул өлкөдөн чыккан жарандар орточо 120-150 доллардай айлык алып, кээде күнүнө 20 саатка чейин иштөөгө да аргасыз болот.

Түндүк Корея жарандары иштей турган өлкөлөрдүн катарында Орусия менен Кытайдан тышкары Алжир, Ангола, Кувейт, Польша сыяктуу 15 өлкө аталган. БУУ өкүлүнүн баяндамасы Башкы Ассамблея бул маселени талкуулар алдында жасалды. Ассамблея эми Пхеньяндын бул кадамын айыптаган резолюция кабыл алуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG