Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

HRW: Кыргызстан Борбар Азияда аялдар жана балдар укугун коргоо жаатында лидер


Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директорунун орун басары Рэйчел Денбер Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аялдарды жана балдарды үй-бүлө зомбулунан коргоо жаатында лидер экенин белгилейт. Ал өлкө үй-бүлө зомбулугуна каршы туруу жөнүндөгү мыйзамды региондо алгачкылардын болуп кабыл алганын белгилеп, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул багыттагы азыр иштеп жаткан жаңы мыйзамы да прогрессивдүү экенин айтты.

Аялдар укугу боюнча талдоочу Хиллари Марголио Кыргызстанда оор турмуштук абалда калган аялдар менен балдарга жардам бере турган борборлордун санын көбөйтүү керектигин кошумчалады. Эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыктын жетекчиси Байкадам Курамаев министрлик мындай максаттар үчүн бейөкмөт уюмдарга грант берерин, анын негизинде соңку эки жылда 15 борбор ачылганын билдирди.

2015-жылдын алты айында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1822 факты катталган. Алардын 95 пайызында аялдар жана балдар жабыркаган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG