Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Москвада куртка уурдаган кыргыз уланы кармалды


Москвадагы Тверь районунун көз карандысыз сайтында жазылган маалыматка караганда, 16 жаштагы кыргызстандык улан 25-октябрда «Охотный ряд» соода борборунда кечинде кармалган. Аны эшиктин жанынын күзөтчү кармап алып, полицияны чакырган. Уурдалган куртканын баасы 1436 рубль турат.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран эч жакка кетпөө кепилдиги менен кое берилди. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал эки жылга эркинен ажырашы мүмкүн.(AzK)

XS
SM
MD
LG