Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Өзбек Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн билдиргенге караганда, Ташкенде тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмуна мүчөлүккө шектелген 16 адам колго тштү. Расмий маалыматта алар өлкө баш калаасы менен Ташкент облусунун аймагында аталган уюмга үгүттөө иштери менен шугулданып келгени айтылат. Азыр кармалган жарандарга кылмыш иш козгоо маселеси каралууда.

Ислам халифатын курууну максат кылган "Хизб-ут Тахрир" уюму мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбүндө, анын ичинде Өзбекстанда да террордук уюм деп табылган.

Өзбекстанда диний айыптоолор менен камалган он миңдей адам бар экени айтылып келет. Алардын көпчүлүгүн тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмуна тиешеси бар деп айыпталгандар түзөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG