Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Аскар Акаевге Саймон Кузнец атындагы медаль берилди


Аскар Акаев Саймон Кузнец атындагы алтын медалы менен. Москва, 29-октябрь.
Аскар Акаев Саймон Кузнец атындагы алтын медалы менен. Москва, 29-октябрь.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Саймон Кузнец атындагы алтын медаль менен “Заманбап экономикалык теорияга кошкон салымы үчүн” Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев сыйланды.

Сыйлык Москвада эл аралык “Глобалистика-2015” илимий конгрессинде берилди.

Конгрессте Акаев экономикалык кризистен чыгуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, жаңы энерго-экологиялык стратегияны иштеп чыгуу, коомдогу кирешелердин теңсиздиги тууралуу үч темада баяндама жасады.

Бул сыйлыкты 2012-жылы Саймон Кузнец атындагы эл аралык өнүгүү институтунда 15 мамлекеттен келген 122 алдыңкы окумуштуулар түптөгөн. Аскар Акаев анын бешинчи лауреаты.

Саймон Кузнец өзү экономика жаатындагы Нобель сыйлыгына 1971-жылы татыган. (LzT)

XS
SM
MD
LG