Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Москвада кыргызстандык аялды зордуктаган полиция 6 жылга кесилди


Москванын Чертанов райондук соту 2014-жылы Кыргызстандын жаранын тоноп, зордуктаган полициянын мурдагы кызматкери Валерий Говоровду 6 жылга эркинен ажыратты. Мындай маалымат Орусиянын Башкы прокуратурасынын сайтында жарыяланды.

Тергөөнүн жыйынтыгында 2014-жылдын 30-октябрында “Академик Янгелдин көчөсү” метросундагы станцияда Говоров кыргыз жаранын документин текшерүү үчүн токтотуп, миграциялык мыйзамдарды бузду деген негизде, жаранды полиция бөлүмүнө алып барып, 6 миң рубль акчасын алып койгону аныкталган.

Көп өтпөй 4-ноябрда Говоров ал жаранды кайрадан кармап алып, 800 рубль акчасын алып, коркутуу жолу менен зордуктагандыгы белгилүү болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG