Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Энергетиктер Ак-Ордо көмөк чордонун оңдоого алып кетишкен


"Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектеги Ала-Тоо-3 конушун электр жарыгы менен камсыз кылуучу Ак-Ордо көмөк чордонунда мүчүлүштүк бар болгондуктан, аны кышка карата оңдоо иштери башталган. Учурда жаңы конуштагы тургундар менен энергетиктердин ортосунда чыккан чатак иликтенип жатат.

Жаңжал 29-октябрда Ак-Ордо көмөк чордонунда оңдоо иштери жүрүп жаткан кезде болду.

Кечки саат сегиздер чамасында 200гө чукул жергиликтүү тургун чогулуп, кызматкерлер көмөк чордондун тетиктерин алып кетип жатканына нааразы болушкан. Алар тетиктерди башка конуштарга алып кетип жатышат деп укканын, буга жол беришпестигин билдиришкен. Эки саатка созулган жаңжалдан соң өзүн "Улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун өкүлүмүн деп тааныштырган Жолдошбек Ачыкеев эл менен бир сааттай сүйлөшүп, саат түнкү экилер чамасында эки унаа менен тетиктерди кайра алып келинди.

Улуттук электр тармагы ачык акционердик коому кышка карата шаардын бир катар аймактында көмөк чордондор оңдолуп жаткандыктын, жарык өчүрүлүп жатканын, бул боюнча элге эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.

Ала-Тоо-3 конушунда 2000дей түтүн бар. Алар эки күндөн бери жарыксыз отурушкан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG