Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Дене тарбия жана спорт академиянын жатаканасындагы окуя иликтенүүдө


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 29-октябрда түнкү саат 11лер чамасында аталган окуу жайдын жатаканасынын жанында чогулган балдар арасында мушташ эмес, кайым айтышуу болгонун билдирди.

Кагылышка жеткирбей учурунда милиция кызматкерлери келип жаатташкан балдарды таратканын айтып, андан эч ким жабыркабаганын, эч кимден арыз түшпөгөнүн билдирүүдө.

Бирок ал жердеги айрым күбөлөр 30-40тай бала жатаканадан чуркап чыгып, сыртта турган балдар менен кайым айтышып, өз ара чатакташып мушташканын, алардын колунда курал болушу мүмкүндүгүн айтышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG