Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Аксынын жергиликтүү депутаттары кинотеатрдын кафе болушуна каршы


Район борбору Кербен шаарындагы "Алтын казык" кинотеатрынын күтүү залы жеке ишкерлерге ижарага берилип, ал жерде кафе ачылышы нааразылык жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов "Азаттыкка" билдирди.

"Кыргыз көркөм өнөр залкарларынын портреттери илинип, жашоочулар эс алуучу жайдын тамак-аш жана спирт ичимдиктерин ичүүчү жерге айланылышы туура эмес көрүнүш. Мекеме жетекчиси маданий мекемени башка багытта иштетүүгө акысы жок", - деди Керимкулов.

Ал эми кинотеатрдын жетекчиси Кубатбек Досалиев эскилиги жеткен имаратты оңдоого мамлекеттен каражат бөлүнбөстүгүн эске алып, аны туура пайдаланып, кошумча каражат табуу максатында мыйзамдуу негизде ижарага бергендигин билдирет.

300 орунга ылайыкташкан "Алтын Казык" кинотеатры 1978-жылы курулган. Учурда кино залында түрдүү тасмалар көрсөтүлүп, 5 кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG