Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

ИИМге электрондук бутага атуучу комплекс берилди


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, аталган комлексти ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Сергей Капинос министр Мелис Турганбаев менен жолугушууда тапшырды. Анын баасы 10 миң евро турат. Бул жабдуу укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга шарт түзөт.

Жолугушууда Сергей Капинос Турганбаевди милиция күнү менен куттуктап, тартип коргоочулардын иштерине ийгилик каалады. 1-ноябрда Ички иштер кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешет.

Кыргызстандын милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде, 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG