Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Ошто жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө


Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Анара Арстанбекова “Азаттыкка” кабарлады. «JashtarCamp 2015» акциясын коштоп өтүп жаткан көргөзмөгө студенттердин жана окуучулардын социалдык көйгөйлөргө арналган 40ка чукул сүрөтү Ош областтык китепканасына коюлду.

“Азыркы замандын көйгөйлөрү жаштардын көзү менен” деп аталган көргөзмөдөгү эмгектер аракечтик, коррупция, теңсиздик, ата-эне менен балдардын келишпестиктери, билим берүүдөгү оош-кыйыштар, материалдык байлык үстөмдүк кылган көрүнүштөргө арналган.

Сүрөттөр Кыргызстандын жети облусундагы 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын колунан жаралган. Иш-чара сүрөт тартуу аркылуу учур көйгөйлөрүн ачып берүүгө багытталган.

Көчмө көргөзмө Ош шаарында бүгүн кечке чейин уланат. 2-ноябрда Жалал-Абад шаарында өтөт. «JashtarCamp 2015» конференциясы учурунда сүрөттөр 14-ноябрда Бишкек шаарында коюлат. Иш-чара “Youth of Osh” жана “Өнүктүрүү Институту” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG