Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Эмгек рыногуна маалымат системасы киргизилет


Бул максатта Германиянын эл аралык кызматташтык коому Кыргызстанга 300 миң евро каражат бөлмөй болду.

Мындай келишим аталган коом менен Кыргызстандын эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин ортосунда түзүлдү.

Шаардык жана райондук эмгек менен камсыздоо кызматтарынын ишин автоматташтыра турган программа жумушсуздарды, жумуш орундарын жана жумуш берүүчүлөрдү каттоодо электрондук документ алмашууга шарт түзөт.

Бардык кызматтар чогулткан маалыматтар бирдиктүү базада сакталат жана аны кызыккан жарандар веб-портал аркылуу көрө алышат.

Буга чейин Германиялык уюмдун жардамы менен министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө 450 миң еврого компьютер, кеңсе техникалары, эмеректер коюлган. Жаңы системаны 2016-жылдан тарта ишке киргизүү пландалууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG