Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Орусияда саясий репрессия курмандыктары эскерилүүдө


“Мемориал” коому бүгүн Москвада “Эскерүү дубасы” аттуу акцияны уюштурарын кабарлады. 1927-1937-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш чарасы Трубная аянтында башталып, Покровкадагы Успенск храмы менен Ваганьковск бейитинде уланат.

“Эскерүү дубасы” Орусиянын башка шаарларында да болот. Тарыхчылар 1920-жылдан 1950-жылга чейин созулган сталиндик саясий репрессиядан миллиондогон кишилер набыт болгонун айтып келишет.

2015-жылдын август айында Орусия бийлиги саясий репрессиянын курмандыктарынын атын түбөлүк калтыруу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыккан. Бирок ошол эле мезгилде быйыл Иосиф Сталиндин 6 айкели Орусияда орнотулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG