Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Нарын облусундагы спорттук имараттардын шарты жок


Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шейшенкул Бакировдун Нарын облусундагы спорт өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды. Жыйында облус аймагындагы спорттук имараттардын шартынын жоктугу маалымдалды.

Ошондой эле айылдардагы жетишпеген кадр маселелеринин айынан дене тарбия сабагын тилчи, тарыхчы мугалимдер окутуп жаткандыгы учурдун башкы маселеси болуп жаткандыгы белгиленди.

Бакиров 2016-2020-жылдар үчүн спортту өнүктүрүү программасы иштелип жаткандыгын маалымдап, жергиликтүү спортчулардын бул ишке активдүү катышуусун өтүндү. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG